Сокулукта айдоочу өз унаасында 16 жаштагы кызды зордуктады — сүрөт

Сокулукта айдоочу өз унаасында 16 жаштагы кызды зордуктады — сүрөт

5-декабрда Сокулук милициясына белгисиз адам 16 жаштагы кызды сабап, зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине “зордуктоо” беренеси менен катталган. Кыздын атасы арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 5-декабрында таң эрте 2004-жылы туулган кызын Бишкекке жолдон унаасына салып кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Ал кызын күч колдонуп зордуктаганын айткан.

Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, кармалды. Шектүү 1990-жылы туулган К.Н. Чүй облусунун тургуну болуп чыкты. Окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>