Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселер каралды. Анда депутат Айсулуу Мамашова аялдарга жана балдарга карата зомбулук токтобой жатканын билдирди.
Укук коргоо органдары зөөкүрлөрдү жазага тартуу керектигин белгиледи.
“Укук коргоо органдары зөөкүрлөргө каршы чараларды күчөтпөсө, карапайым калк өзү күрөшүп баштайт. Буга азыртан эле мисалдар көп. Андыктан мамлекет ар бир окуяга көңүл буруп, зөөкүрлөрдү мыйзам аркылуу жазага тартышы керек”, – деди ал.