Сокулукта кызганычтан улам досун өлтүргөн жаран кармалды

Сокулукта кызганычтан улам досун өлтүргөн жаран кармалды

Сокулук районунда досун өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 8-декабрында саат 13:30дар чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Жаңы-Жер айылынын көчөлөрүнүн биринен 30-35 жаштар чамасындагы европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери окуя болгон жерден 1991-жылы туулган Н.А.нын жансыз денесин күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери менен табышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине “адам өлтүрүү” беренеси менен катталган.

Кылмышка шектелип 1989-жылы туулган Р.В. аттуу жаран кармалды.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, спирт ичимдигин ичкен эки адамдын ортосунда чыр чыккан. Шектүү шеригинен жарандык никедеги аялын кызганып, аны аёосуз сабаган, жабырлануучу эсине келбей жеринде каза болгон.

Учурда кылмышка шектүү Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>