Бишкектин Октябрь районунун Медеров жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде балаты базары ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Базардан ар ким өзүнө жаккан – ар кандай курактагы, көлөмдөгү балатыны таба алат. Бардык ийне жалбырактуу дарактар жабык тамыр системасы менен, башкача айтканда, топурагы менен сатылат», — деп айтылат билдирүүдө.
Жаңы жылдык майрамдардан кийин балатыны ачык жерге көчүрсө болот. Аны кантип туура отургузуу боюнча кеңешти ошол жактагы сатуучулар берет. Балаты базары 2022-жылдын жаз айына чейин ишин улантат.