БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Бишкекте балаты базары ачылды
14.12.2021 | 17:51
Бишкектин Октябрь районунун Медеров жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде балаты базары ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Базардан ар ким өзүнө жаккан – ар кандай курактагы, көлөмдөгү балатыны таба алат. Бардык ийне жалбырактуу дарактар жабык тамыр системасы менен, башкача айтканда, топурагы менен сатылат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Жаңы жылдык майрамдардан кийин балатыны ачык жерге көчүрсө болот. Аны кантип туура отургузуу боюнча кеңешти ошол жактагы сатуучулар берет. Балаты базары 2022-жылдын жаз айына чейин ишин улантат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом