Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Трактор айдоочусуна күбөлүк берүү жол-жобосу жөнөкөйлөтүлөт
14.12.2021 | 18:06
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети трактор айдоочусунун күбөлүгүн берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында баяндама жасаган айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов мыйзам долбоору трактор жана атайын техникаларды айдоочуларга күбөлүк берүү тартибин жеңилдетүү максатында сунушталганын билдирди. Анын айтымында техниканын түрүнө карата категориялардын санын 7ден 3кө чейин кыскартуу каралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом