Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Парламенттин VI чакырылышынын депутаттарынын иши белгисиз мөөнөткө узартылды
23.12.2021 | 09:31
Кыргызстанда парламенттин VI чакырылышы ишин улантат, кийинки чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктарына кириши белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова 22-декабрдагы комиссиянын жыйынында депутаттарды каттоо соттук териштирүүлөрдөн улам токтотулганын билдирди.
«Бир округда үч соттук процесс, бир мандаттуу округда дагы соттук териштирүү бар. Ошондуктан биз Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо маселесин убактылуу токтотуп турабыз”,-деди Шайлдабекова.
VII чакырылыштын депутаттары качан иштей баштаары азырынча так дата белгисиз. Депутат Дастан Бекешев алар кийинки жумада биринчи сессияга чогулат деп эсептейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат