Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов камактан бошотулду
23.12.2021 | 09:39
22-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигеновдун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул маалыматты Reporter.kg’ге анын жактоочусу Бактыбек Жумашев тастыктады.
Анын айтымында, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат беришкен эмес, эл өкүлүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко УКМКнын тергөөчүсү кайрылган.
Жыйынтыгында сот Жетигеновду камактан бошотуу чечимин чыгарды.
Буга чейин ушундай эле жол менен депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абактан бошотулган.
Белгилей кетсек, УКМК Бакыт Жетигеновду “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат