“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөтТокмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
Бактыбек Калмаматов абактан кайрылды
28.12.2021 | 15:10
Камакка алынгандан бери суракка алынбаганын жана каралоо болуп жатканы боюнча абактагы кайрылуусу фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
“Урматтуу мекендештер!Өзүңүздөргө белгилүү болгондой мен учурда камакта отурам. Мага коюлуп жаткан айып акылга сыйбайт жана адилетсиз. Бирок, сөз башкада. Тилекке каршы менин душмандарым менин абакта отурганымдан пайдаланып менин үстүмдөн ар кандай каралоолорду уюштуруп жатышат. Тагыраагы, мага байланыштуу ар кандай жалган маалыматтарды соц.тармактарда жайылтышууда. Мен камакка алынгандан бери бир да жолу суракка алынган жокмун. Жактоочуларымдан башка эч ким менен сүйлөшө элекмин. Бийлик менен сүйлөшүүөрдү жүргүзүп жатыптыр, Исмаил Исаковго, Ахматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага карата көрсөтмө берип жатыптыр деген маалыматтар толугу менен жалган жана кимдир бирөөлөргө карата каршы көрсөтмө берүү ниетим да жок. Андай болушу да мүмкүн эмес. Тескерисинче, мага кырдаалдан көз карандысыз ар тараптан колдоо көрсөтүп жатышкан ар бирине, өзгөчө калың элиме терең ыраазычылык билдирем. Аллахым сиздерден эки дүйнө ыраазы болсун!” – деп айтылат кайрылууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат