Аламүдүн районунда 20 тонналык контейнерди уурдаган аял кармалды

Аламүдүн районунда 20 тонналык контейнерди уурдаган аял кармалды

Чүй облусунда уурулукка шектелип аял кармалды. Бул тууралуу облустун башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн райондук милициясына Кара-Жыгач айылынын 34 жаштагы тургуну Э.М. арыз менен кайрылып, 6 метр 20 тонналык контейнерди жана тиричилик шаймандарын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген зыяндын суммасы 110 миң сомдон ашкан.

Аталган факты Аламүдүн райондук милициясына “уурулук” беренеси менен катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында кылмышка шектелип А.Т. аттуу аял кармалды. Шектүү мындан тышкары Көк-Жар айылында дагы бир уурулук фактысына катыштыгы бар экени аныкталган.

Учурда анын Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>