Кадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жок
Ушул жылы Бишкекте ымыркайлардын өлүмү көп катталды
30.12.2021 | 13:39
Ымыркайлардын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында катталган. 2021-жылдын январынан октябрына чейин борбордо бир жашка чейинки 409 бала каза болгон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Ошондой эле ымыркайлардын өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда катталган. 2021-жылы Ош шаарында 375, Жалал-Абад облусунда 336 ымыркай чарчап калган.
Чүй облусунда 10 айда 177, Ош облусунда 167, Баткен облусунда 145, Ысык-Көл облусунда 134 ымыркай чарчап калган.
Ымыркайлардын өлүмүнүн эң төмөнкү көрсөткүчү Талас (77 ымыркай) жана Нарын (51 ымыркай) облустарында катталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом