Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармаган браконьер кармалды (ВИДЕО)

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармаган браконьер кармалды (ВИДЕО)

Ысык-Көл көлүнөн атайын тор менен мыйзамсыз балык уулаган браконьер кармалды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  браконьер мыйзамсыз кармаган балыктарын үйүнө алып бара жаткан жеринен, милиция кызматкерлери тарабынан Пристань-Каракол айылчасынан кармалган. Мыйзамсыз балык уулоо үчүн, ал балык торлорун колдонгон. Кармалган жарандан 69 даана «Сига-Лудога» түрүндөгү балык жана сууда сүзүчү катери алынды.

Мыйзамсыз балык уулоо үчүн кармалган 41-жаштагы жергиликтүү тургуну В.А. айтымында, ал көлдүн жээгинде жашагандыктан, оор жумуштан кийин балык уулоо менен эс алууну чечкен.

Аталган факт, Каракол милициясы кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттап, кылмыш-жаза кодексинин 310 (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында, чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди.

Тергөө амалдары уланууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>