Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Базар-Коргон шаарында жаңы жылдык балаты күйүп кетти – сүрөт
31.12.2021 | 12:39
Базар-Коргон шаарында жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
ӨКМге бүгүн саат 05:44тө Базар-Коргон шаарында жаңы жылга карата орнотулган балаты өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
“Жерине №78 ӨКБнүн бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, күйгөн балаты 05:49 чектөөгө алынып, толук 05:52 өчүрүлдү.
Майрамга карата кооздолуп жасалган балатынын 30 пайызы күйгөндүгү аныкталып, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө”, – деп жазылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом