“Даңк” ордени менен жетөө сыйланды

“Даңк” ордени менен жетөө сыйланды

 

“Даңк” ордени менен:

 

Абдраков Кубанычбек Касмакунович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча Ысык-Көлдөгү филиалынын директору;

 

Долоталиева Дамира Темирбековна Кыргыз Республикасынын Соода, коомдук тамактануу, керек-жарак корпорациясы кызматчыларынын жана башка ишкерлердин кесиптик союзунун борбордук комитетинин төрагасы;

 

Козубеков Кубанычбек “Манас тренинг борбору” жоопкерчилиги чектелген коомунун окуу бөлүмүнүн окутуучусу, Бишкек шаары;

 

Малдыбаев Болотбек Абдыласович И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин көркөм маданият жана билим берүү факультетинин музыка кафедрасынын профессору;

 

Сагымбаев Марат Акимович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун директору;

 

Садыбакасова Гүлшайыр Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору;

 

Сиротин Геннадий Павлович Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын инструменталдык цехинин начальниги;

 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

«Даңк» ордени менен сыйланышат:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун көтөрүүгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн эмгектеги салымы үчүн;

2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы кошкон салымы үчүн;

3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иштер жаатындагы, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чындоодогу кошкон салымы үчүн;

4) улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого кошкон салымы үчүн;

5) спортту илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн.

2. «Даңк» ордени төштүн сол тарабына, «Данакер» орденинен кийин тагылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>