Эртең, 5-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул туурасында Кыргызгидрометтен билдирди.
Маалыматка караганда, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгалак болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус болсо, күндүз +4…+6 градуска жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн -3…+2
күндүз +1…+6
Талас облусунда
түнкүсүн -3…+2
күндүз +2…+7
Баткен облусунда
түнкүсүн -2…+3
күндүз +2…+7
Ош, Жалал-Абад облусунда
түнкүсүн -2…+3
күндүз +2…+7
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -2…-7
күндүз +2…+7
Нарын облусунда
түнкүсүн -12…-17
күндүз -4…-9
Бийик тоолуу аймак
түнкүсүн -15…-20
күндүзү -5…-10