Бразилияда селден жапа чеккендердин саны 715 миңге жетти

Бразилияда селден жапа чеккендердин саны 715 миңге жетти

Селден каза тапкандардын саны 26га жетип, 518 кишинин жаракат алганы чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, Бразилиянын түндүк-чыгышындагы Бахия аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон сел апаатында каза тапкандардын саны 26га жетти. Ал эми селден ар кандай жабыр тарткандардын саны 715 миңге барганы айтылууда.

Жергиликтүү жарандык коргонуу уюму Бахиянын түштүгүндөгү Бело Кампо шаарында дагы бир кишинин каза болгону кабарлады. Ноябардан бери, селден каза тапкандардын саны 26га жетип, 518 кишинин жаракат алганы билдирилди.

30 миң 915 адамдын үйсүз калган. 62 миң 731 кишинин эвакуацияланган.  Жабыркагандардын саны 715 миң 634кө жеткен. 15 миллиондон ашык калкы бар аймакта 166 шаардын суу ташкынынан жабыркаганы, 154 шаарда жарыяланган өзгөчө кырдаалдын уланып жатканы кабарланды.

Бразилиянын Бахия аймагынын түштүгүндө эки жума мурда күчөгөн жамгырдан улам пайда болгон селден 37 шаардын суу астында калганы айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>