Тимур Файзиев “Асмандын” жетекчиси болгону расмий такталды

Тимур Файзиев “Асмандын” жетекчиси болгону расмий такталды

Тимур Файзиевдин Ысык-Көлгө «Асман экологиялык таза шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды. Бул маалыматты президенттин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Буга чейин “Elite House” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Инстаграм баракчасы аркылуу дирекциянын жетекчилигине дайындалганын билдирген.

2021-жылдын июль айында бийлик Ысык-Көлдүн жээгине, тактап айтканда,  Тору-Айгыр айылына жакын жерде 500 миң адамды сыйдырган инновациялык «Асман» шаарын куруу пландалып жатканын айткан болчу. Шаардын долбоорун иштеп чыгуу үчүн атайын мамлекеттик топ түзгөн. Бул идея коомчулукта кескин шылдыңга кабылган.

Учурда бул чоң долбоорго жаңыдан жетекчи болгон Тимур Файзиевдин келиши коомчулуктун сынына кабылды. Анткени,  былтыр Бишкектин аймагынан жер алууда коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелген. Курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзгөн деген да күнөө коюлган. Кийин сот мамлекетке каражат төгүү чечимин кабыл алып, бошоткон.

Файзиев «Асман шаарын» куруу боюнча дирекциясын жетектейт

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>