Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга келдиби? Расмий жооп
07.01.2022 | 10:00
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев учагы «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Бул туурасында Кыргызстандын айрым басылмалары жазып чыгышты.
«Манас» аэропортунун басма сөз кызматы Reporter.kg′ге билдиргендей, Bombardier учагы бүгүн, 2022-жылдын 6-январында өтүнүч боюнча «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Учак Дубайдан (БАЭ) учуп келген.
«Учактын кимге таандык экени белгисиз, ал коммерциялык каттам болгон, ал кандай жүргүнчүлөр экенин билбейбиз, анткени бул биздин компетенциябызга кирбейт», — деп билдирди басма сөз кызматы.
Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары бул учак менен Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев учуп келген деп жазып чыгышкан болчу.

Рубрики: Жаңылыктар, Саясат