Султанбаев: Кыргызстанда азык-түлүктүн жетиштүү запасы бар

08.01.2022 | 08:30

Казакстан тараптын айрым өткөрмө пункттарынын жабылышына байланыштуу кооптонуулардан улам, Кыргызстанда бүгүнкү күндө социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы бар. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Жарандарды белгиленген азык-түлүктөрдүн мүмкүн болгон тартыштыгынан же баалардын кескин көтөрүлүшүнөн чочулабоого чакырабыз.

Эки өлкөнүн дипломатиялык мекемелери эки тараптан мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги айрым өткөрүү пункттарынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташуусу соода-экономикалык байланыштарды толук кандуу жөнгө салынышына негиз болот”, – деп белгиледи басма-сөз катчы Эрбол Султанбаев.

 

 

Scroll to Top