Султанбаев: Кыргызстанда азык-түлүктүн жетиштүү запасы бар

Султанбаев: Кыргызстанда азык-түлүктүн жетиштүү запасы бар

Казакстан тараптын айрым өткөрмө пункттарынын жабылышына байланыштуу кооптонуулардан улам, Кыргызстанда бүгүнкү күндө социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы бар. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Жарандарды белгиленген азык-түлүктөрдүн мүмкүн болгон тартыштыгынан же баалардын кескин көтөрүлүшүнөн чочулабоого чакырабыз.

Эки өлкөнүн дипломатиялык мекемелери эки тараптан мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги айрым өткөрүү пункттарынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташуусу соода-экономикалык байланыштарды толук кандуу жөнгө салынышына негиз болот”, — деп белгиледи басма-сөз катчы Эрбол Султанбаев.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>