Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Казакстан картошка, сабиз жана бодо малды экспорттоого тыюу салды
12.01.2022 | 20:08
Казакстан картошка, сабиз жана бодо малды экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Zakon.kz билдирди.
Маалым болгондой, мындай чечим Казакстан Республикасынын Айыл чарба министри менен Каржы министринин 2022-жылдын 10-январындагы биргелешкен буйругу менен кабыл алынган. Тактап айтканда, үч айлык мөөнөткө картошка менен сабизди экспорттоого тыюу салынды. Ошондой эле алты айга бодо малды, кой-эчкилерди сыртка алып чыгууга тыюу салынганы тууралуу айтылды.
Буйрук 22-январдан тарта күчүнө кирет.
«Мал жана жашылчаларды экспорттоого тыюу салуу бааны турукташтыруу жана ички рынокто тартыштыктын пайда болушун жоюу максатында кабыл алынган», — деп айтылат Казакстандын Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүндө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар