Мадагаскарда президент өлкөдөн качып, бийлик аскерлердин колуна өттүБишкектеги ЦУМдун жанындагы оңдоо иштери декабрдын башында аяктайтАйсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыктыМосквада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлдуТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды
Чүйдө мыкаачылык менен киши өлтүрүлдү
13.01.2022 | 09:34
Киши өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын 13-январда Чүй облустук милициядан билдиришти.
11-январга караган түнү Кайыңды шаарындагы батирлердин биринен адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу милицияга чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 1988-жылы туулган А.К. экени белгилүү болгон. Мындан тышкары, анын денесинде зомбулук, күч колдонуу менен өлтүрүү белгилери катталган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталды.
Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган А.А. кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом