Соода-экономикалык кызматташуу, виза маселеси: Кыргызстан менен АКШнын ортосунда саясий консультациялар өттүБишкек – Ош унаа жолуна жаңы тоннель курулатЖогорку Кеңеште күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу маселеси көтөрүлдүОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө миң түп дарак отургузулдуЖогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болдуКыргызстанда беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 25%дан ашык өстү
Бишкекте BMW X6 унаасынан эркек кишинин сөөгү табылды (ВИДЕО)
14.01.2022 | 10:21
Бишкек шаарында BMW X6 унаасынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында Свердлов райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Москва көчөсүнөн жол жээгинде токтоп турган унаанын ичинен 25-30 жаштагы белгисиз эркек кишинин сөөгү жатканы боюнча маалымат түшкөн. Күч органдары дароо барып, 28 жаштагы К.С. экенин такташкан. Сөөктөн мыкаачылык менен өлтүрүлгөн белгилери, тактарын табышкан.
Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалыфматтык журналына катталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
Видео “Кабар” басылмасына жарыяланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар