Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Мирзиёев Лукашенконун Өзбекстан тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды
14.01.2022 | 16:42
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Коопсуздук кеңешинин 13-январдагы жыйынында айрым өлкөлөрдүн Өзбекстан тууралуу билдирүүлөрү боюнча пикирин айтты.
“Жакында айрым өлкөлөрдүн жетекчилери Казакстандагы окуялардан Өзбекстан сабак алышы керек деген негизсиз билдирүү жасашты. Биз аймактагы кырдаалга, бардык чакырыктар менен коркунучтарга көз салып турабыз. Кандай гана коркунуч болбосун, адекваттуу реакция кылууга зарыл болгон бардык потенциалга жана кубатка ээбиз”, — деди Мирзиёев.
Буга чейин Беларус президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖКУУ) онлайн жыйынында Казакстанда болгон окуялардан “биринчи кезекте Өзбекстан сабак алышы керек экенин” айткан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар