Кыргызстанда бир суткада беш адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бардык учурлар Бишкек шаарында катталган. Бейтаптар эмдөөдөн өткөн эмес.
2020-жылдын март айынан бери расмий маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирустан 2872 адам каза болгон.