Бишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү таратканНовосибирск – Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрү жардыргыч кабарынан улам чыгарылдыЧүй облусунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө: милиция айдоочуларга эскертүү бердиКыргызстан менен Тажикстандын Улуттук банктары төлөм системаларын талкуулаштыBITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалдыКыргыз жаштарынын шайлоо сабаттуулугу боюнча долбоору Германияда кызыгуу жаратты
Кайра шайлоо: БШК 37 талапкерди расмий каттады
29.01.2022 | 11:05
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө билдирүү берген 72 талапкердин 37син расмий каттады.
БШК талапкерлер бардык керектүү документтерди, анын ичинде 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн 30-январь, саат 18.00гө чейин тапшырышы керектигин эскертет.
Керектүү пакетти бир мүнөт кечигип тапшыргандар катталбайт.
Белгилей кетсек, кайра шайлоо 27-февралда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат