Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Орусия: Кыргызстандык бала багуучу бала өлтүрүүгө шектелип кармалды
01.02.2022 | 14:19
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык бала баккан 35 жаштага жаран эки жашар кызды өлтүрүүгө шектелип камакка алынды. Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарынан алынган маалыматка караганда, “И.Н.М.” бала багууда коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүүгө жол берген, анын натыйжасында бала шектүүнүн батиринде каза болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Буга чейин орусиялык айрым жалпыга маалымдоо каражаттары бала багуучу кыргызстандык жаран кыздын өлүмү тууралуу апасына дароо кабар бербей, эки күн жашырып жүрүп алганын жазып чыгышкан болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар