«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйтШакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылды
ЖМК кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт
01.02.2022 | 15:14
Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) кызматкерлеринин маянасы жай же күзгө чейин көтөрүү маселеси Министрлер кабинетинде каралган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик ЖМК кызматкерлеринин маянасын көтөрүү боюнча тапшырма койгон.
“Жыйында айлык, гонорар жана дубляждын өлчөмүн көтөрүү маселеси айтылган. КТРК жана ЭлТР телеканалдары дубляж кылууга аракет кылышат. Бирок ал жердеги кызматкерлердин бир сааттык жумушу 280 сом экен”, – деди Эсенгул уулу.
Белгилей кетсек, 1-апрелден тартып бүт мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлүү алдында турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом