Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда өрт чыгып, 2 күжүрмөн эсеп тартылдыКыргызстан менен Африка өлкөлөрү ар тармакта кызматташууну талкуулаштыЖогорку Кеңешти таратуу демилгесин 30дан ашуун депутат колдодуЖК комитети тоолуу аймактардагы көп балалуу энелерге «Бала Береке» төлөмүн берүү долбоорун колдодуБекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатынан күмүш медаль уттуБишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөт
Кайра шайлоо. Добуш берүү тизмелери мөөнөтүнөн мурда 18-февралга чейин түзүлөт
02.02.2022 | 12:49
Мөөнөтүнөн мурда добуш бере турган шайлоочулардын тизмелери шайлоого 9 күн калганда түзүлөт. Бул тууралуу Боршайкомдон кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, ага ооруканалардагы бейтаптар, шектүү жана айыпкер катары камакта жаткандар, үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканалардын кызматкерлери кирет. Ошондой эле аскерге чакырылгандар, аскер бөлүктөрүндө жашагандар.
Тизме 18-февралдан кечиктирилбестен даярдалат.
Ал эми шайлоо 27-февралда болот.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра өткөрүлөт. Анткени эки райондо өткөн жылдын 28-ноябрында болгон парламенттик шайлоодо “баарына каршы” графа алдыга чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат