Кооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылдыЖаз: 1-мартка карата аба ырайыИранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылуудаТегеранды каптаган «Каардуу айкырык»Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урду
Кикбоксинг боюнча дүйнө жана Европа чемпиону Канатбек Сыдыгалиев каза болду
11.02.2022 | 12:52
Белгилүү кыргызстандык кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын WAKO кикбоксинг федерациясы билдирди.
Канатбек Сыдыгалиев 43 жашта болчу. Ал күйөрмандарына торнадо лакап аты менен белгилүү болгон.

Канатбек Сыдыгалиев – Евразиянын үч жолку чемпиону, 2000-жылдагы Европа чемпионатынын коло байге ээси, Дүйнө чемпиондугунун эки күмүш, бир коло медалынын ээси, Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү, Европа чемпиону.