Сооронбай Жээнбековдун кудасы Абжалиевге кайра кылмыш иши козголду

Сооронбай Жээнбековдун кудасы Абжалиевге кайра кылмыш иши козголду

Жогорку Кеңештин депутаты жана экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевге кайрадан кылмыш иши козголду. Ал камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолу Абжалиев 2 миллион долларга алдамчылык кылган деп айыпталууда.

Маалым болгондой, атайын кызматтын кызматкерлери кызмат абалынан пайдалануу менен жасалган ири алдамчылык тууралуу маалымат алышкан. Абжалиевдин үстүнөн ишкер арыз менен кайрылган.

Абжалиевди Биринчи Май райондук соту камакка алган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюу боюнча айыпталган. Бирок 2021-жылдын март айында кылмыш иши козголгондо Абжалиев чет өлкөдө болгон. Өлкөгө кайтып келип, келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөп, камакка алуудан кутулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>