Айнекти караңгылатуудан жана «өзгөчө» номерлерден түшкөн акча унаа каттоо системасын жаңылоого жумшалатКыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү борбору түзүлөтВенада Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматташтыгы талкууландыБишкекте мас айдоочу эки жол кырсыкка себеп болдуИсламабадда Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти жолугушту5-декабрь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт
Чоң-Алайда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
12.02.2022 | 14:55
Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 08:05те Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кулчу, Жар-Башы, Чак, Жар-Тилек айылдарында -3 балл, Шибээ айылында -2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом