Кыргызстандагы мектептерде БУУнун 80 жылдыгына арналган сабактар өтүүдөБишкекте BMW бурулуп жаткан минивэн менен кагышты. Скутер кайдан пайда болду?Токтогулда заманбап мал соючу жай курулуудаБШК: Парламенттик шайлоого талапкерлигин койгондордун саны 458ге жеттиНурзат Нуртаева жаштар арасында дүйнө чемпиону болду24-октябрдын аба ырайы: Өлкөдө күн ачык жана булуттуу болот
Бишкекте 6 миң сом үчүн бир кишиге 15 жолу бычак сайгандар колго түштү
16.02.2022 | 16:03
Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан адамды сайганга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга бир жаран кайрылып, 13-февраль күнү түндө ага бир нече адам көчөдө кол салып, белгисиз нерсе менен сабап, 15ке жакын жолу бычак менен жарадар кылганын билдирген. Кол салгандар дагы 6 миң сомун алып качып кетишкен. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси «Каракчылык» боюнча кылмыш иши козголду.
Укук коргоо кызматкерлери үч шектүүнү таап, кармашып, убактылуу кармоочу жайга камашты. Биринчи Май райондук соту аларды тергөө учурунда Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жөнөткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар