Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Болгарияда өтө турган эл аралык турнирге катышат

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Болгарияда өтө турган эл аралык турнирге катышат

Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 19-28-февраль аралыгында София (Болгария) шаарында өтө турган «STRANJA» эл аралык турнирине катышат.

Бул салттуу бокс боюнча 73-эл аралык турнир. Ага дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 450гө жакын күчтүү мушкерлер катышат. Мындай маалымат тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Кыргызстандын командасынын курамы:

Мирлан Түркбай уулу, MCMK, 48 кг;

Дүйшебаев Нуржигит, 52 кг;

Жеңишбек Белашаров, 57 кг;

Акылбек Эсенбек уулу, МС, 60 кг;

Жантөрө Ташиев, МС, 63,5 кг;

Сыргак Абдыжапар уулу, МС, 71 кг;

Өмүрбек Маманов, 75 кг;

Эркин Адылбек уулу, МС, 86 кг;

Бекзат Абдуршидов, судья;

Данияр Төлөгөн уулу, башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, «STRANDJA» Кубогу IBA Diamond лигасынын бокс боюнча алтын сериясындагы биринчи турнир катары тарыхта калат. Европадагы эң престиждүү турнир континенттеги жалгыз жана жаңы форматтагы 3 дүйнөлүк алтын турниринин бири болот. «STRANDJA» Болгария үчүн биринчи турнир болот, ага эркектердин 13 жана аялдардын 12 салмак категориясындагы мушкерлер катышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>