Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Бишкек: От алып турган унааны айдай качкан киши колго түштү
01.03.2022 | 14:03
Бишкекте унаа айдай качканга шектелип 18 жаштагы бала кармалды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-февраль күнү саат 09:20 чамасында 102 кызматына унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 4 жаштагы К.А. аттуу тургун үйүнүн жанында от алып токтоп турган Тойота Виш үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам айдап качып кеткенин билдирген.
Кайгуул кызматкерлеринин ыкча аракеттеринен улам шектүү катары 18 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом