УКМК: “Бишкексууканалдан” жемкорлук схемасы аныкталды

 УКМК: “Бишкексууканалдан” жемкорлук схемасы аныкталды

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, “БСК” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жооптуу адамдары жеке курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, 2018-2021-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын түштүк аймагындагы 23гө жакын курулуш объектилерине техникалык шарттарды, кошулууларды муниципалдык ишкананын бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөөнү жашыруу жолу менен беришкени аныкталган.

Ошону менен бирге, мыйзамсыз иштерди жашыруу максатында “БСК” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жооптуу адамдары тарабынан курулуш объектиси ийгиликтүү кошулуп, андан кийин башка тиешелүү уруксаттарды алгандан соң, мурда берилген техникалык шарттар кайра кайтарылып алынган, бирок курулуп жаткан (аякталган) объекти иш жүзүндө тармактарга туташкан бойдон калып калат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы №54 токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын түштүк аймагында курулуп жаткан объектилерден  “БСК” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын тармактарына кошуулуу үчүн түшкөн акча каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо» долбоору боюнча алынган насыяларды пайыздары менен  төлөөгө, ошондой эле суу менен камсыздоо жана канализациянын магистралдык жана бөлүштүрүүчү тармактарын курууга жумшалышы керек болчу.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул коррупциялык механизмдин иштешинин натыйжасында 20га жакын курулуш компаниялары тарабынан (имиджге зыян келтирбөө максатында курулуш компаниялардын реквизиттери көрсөтүлгөн эмес) “БСК” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын бюджетине 311 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Азыркы учурда аталган сумманын бир бөлүгү иштеп чыгуучулар тарабынан кайтарылып берилди.

Азыркы учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө, ошондой эле бул коррупциялык схеманы уюштурган «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кызматкерлерин да жоопкерчиликке тартуу каралууда. Мындан тышкары, келтирилген зыяндын орду толук толтурулгандан кийин, бул каражаттар өз максатына жумшалат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>