Орусиянын Ленинград облусунда жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине жиберилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинен билдиришти.
1-ноябрь күнү “Сузуки Гранд Витара” унаасы жолдун каршы тилкесине чыгып, “Шкода Октавия” менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Шкода Октавиянын» айдоочусу 25 жаштагы Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну ошол жерде каза болгон.
“Жүк -200” 5-ноябрь күнү Санкт-Петербург — Ош багыты менен Кыргызстанга жиберилет. Тиешелүү бардык документтер элчилик тарабынан даярдалган.