Садыр Жапаров иш сапары менен Ашхабадга бардыӨкмөт башчы Москвада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуудаБишкек абанын булганышы боюнча 81-орунду ээледи2025-2026-окуу жылына ЖОЖдорго кышкы кабыл алууга конкурстук тандоо 23-декабрда башталатЫсык-Көлдө бир нече бодо малдарды уурдаган. Шектүү кармалдыЖайыл районунда браконьерлерге каршы рейд: эреже бузгандарга айып салынып, куралы алынды
Бишкекте бир аптада 59 мас айдоочу кармалды
07.03.2022 | 12:12
Борбор калаанын аймагында 25-февралдан 3-мартка чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 6571 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Алардын ичинен:
— Унааны мас абалында айдагандыгы үчүн – 59 айдоочу;
– алдыңкы капталдары жана алдыңкы айнектери караңгылатылган автоунааны башкаруу үчүн – 13 айдоочу;
– айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражатын башкаруу – 50 айдоочу;
– транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузуу – 116;
Жөө жүргүнчү жана велосипедчендин жол эрежесин бузуусу – 325;
– коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузуу – 1 миң 720;
– Башка укук бузуулар -4 миң 288.
Айып короого 531 даана унаа коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом