Айжигитов: Жайыттарды мамлекеттик деңгээлде рейдерлик басып алуу башталды (ВИДЕО)

Айжигитов: Жайыттарды мамлекеттик деңгээлде рейдерлик басып алуу башталды (ВИДЕО)

Жайыттарды мамлекеттик деңгээлде рейдерлик басып алуу аракет башталды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов комитет жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңештин комитетинде Айыл-чарба министрлиги 243-токтом боюнча маалымат берип жатат.

Султанбай Айжигитов, “2007-жылы 243-токтомдун бир бөлүгү менен эч кандай сынаксыз эле менчикке жайыттар берилет. Дагы 2008-жылы чыккан 306-токтомдун негизинде жайыттардын “деградация” болду негиз менен менчиктештирүүгө укугу бар. Жайыттар «деградация» болуп жатканда элдин мойнуна илип коюш үчүн берген. Булар (бийлик) эч нерсе кылгысы келбейт. Эми кайрадан жайыттар кичинеден оңолуп келе жатканда кайрадан тартып алабыз деп жатышат. Силер эмне 30 жылдан бери жайыттардын деградацияга учураганын көрбөй жатасыңарбы? Сокурсуңарбы силер?! Силер сонун эле көрүп тургансыңар, тенденциясынан бери билчүсүңөр!  Себеби, бул бирден-бир  рейдерлик жер басып алуу жолу. Банкроттук абалга алып келип басып алгандай эле, жерди деградацияга алып келип, менчикке бергени даярдап жатасыңар! Бул кадимки мамлекеттик деңгээлдеги рейдерлик механизм”— деди.

Айыл-чарба министрлиги болсо 243-токтом 2007-жылы кабыл алынганын, максаты мамлекеттик фонддун карамагындагы жерлерди иштетүү экенин түшүндүрдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>