Мөндүр, кургакчылык: Быйыл кант кызылчасынын түшүмү кыйла азАэропортко каттаган экспресс-маршрут эми түнкүсүн да жүрөт«Кыргыз темир жолу» кирешесинин жарымы Макмал темир жолунун курулушуна жумшалатПарламентке шайлоо. Россиянын 31 шаарында тилке ачылат. Элчилик уюштуруу маселелерин карадыСвердлов районунда администрация жана милиция түндө көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдү текшердиБишкек жана Чүйдө газдаштыруу: 66 субъекке жеңилдетилген насыя берилди
8-март: Айымдар эркектерге караганда көбүрөөк жашайт
08.03.2022 | 12:23
Аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирлей, бирок, эркектерге салыштырмалуу 8 жылга көбүрөөк жашашат. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 6,8 миллион адам жашаса, анын 50,4% аялдар. Жыл сайын кыздарга караганда эркек балдар бир аз көбүрөөк төрөлүүдө (100 кызга 105 эркек бала туура келет). Ал эми 80 жаштан ашкан аялдардын саны эркектердикинен дээрлик 2 эсе көп. 2020-жылы аялдардын орточо өмүрүнүн узактыгы 76 жашты, эркектердики 68 жашты түзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом