Бишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилдиБажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгардыСаламаттык сактоо министринин орун басары Тез жардам борборундагы санариптик технологиялар менен таанышты«Улуу Алтай» борборунун археологдору Кыргызстанда казуу иштерин жүргүзүшөтЭрнисбек Ормоков: Манас шаарын борборго айлантууга даярдык жетишсизДональд Трамп Газадагы жаңжалдын аяктаганын жарыялады
Эркектерби же кыздарбы? Кимдер жогорку билимге кызыгат?
08.03.2022 | 12:46
Кыздар көп окушат, балдар эрте кесипке ээ болушат. Бул туурасында Улуттук стастика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кыздар менен балдардын ортосундагы айырмачылыктар билим алуу баскычында эле башталат. Кыздардын көбү толук орто билимге ээ болушат. 10-11-классты кыздар 54%дан ашыгы окушаи, ал эми балдар 9-класстан кийин окууну таштап, негизинен эрте жашта кесиптик окуу жайларга агылышат. Башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучуларынын 69%ын уландар түзөт. Ал эми кыздар Жогорку окуу жайларда көбүрөөк – 52% түзөт. Билим берүү тармагындагы адистиктер боюнча окуган студенттердин арасында кыздар (86%), ал эми техникалык илимдер боюнча балдар (69%) басымдуулук кылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом