УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен эки жаран кармалды

УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен эки жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерине тергөөдөгү ишин бүтүрүп берүү үчүн пара берип жаткан жеринен эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мурда УКМК тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстанга жалпы салмагы 11,51 кг наркотикалык затты алып өтүүгө аракет кылып кармалган А.М.А. карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (“Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн УКМК кызматкерине кармалган жаран 30 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган.

19-февралда аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (“Пара берүү”) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

«5-мартта жүргүзүлгөн атайын ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында УКМК кызматкерине 2 млн 745 миң сом жана 2 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан учурда А.М.А. жана анын бир тууганы А.Н.А. кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>