Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
«Түндүк – Түштүк» альтернативдик жолу 2022-жылы пайдаланууга берилет
20.08.2019 | 10:47
«Түндүк – Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу 2022-жылы аяктайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Замир Искаков билдирди.
Анын айтымында, «Түндүк – Түштүк» альтернативдик жолу 3 фазага бөлүнгөн. Биринчи фазада 150,9 чакырым жол жана 3,8 чакырым туннель (Көк-Арт туннели) куруу каралган.
Экинчи фазадагы жолдун узундугу 99 чакырымды түзөт. Жалпы узундугу 1 миң 472 метрди түзгөн эстакадалык көпүрө да курулат.
Үчүнчү фазадагы жолдун узундугу 69,7 чакырымды түзөт. Аны 2022-жылы аяктоо пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика