Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү көбөйүүдө
16.03.2022 | 09:51
Өткөн суткада Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши секундасына 28 кубометрге көбөйүп, секундасына 173 кубдан 201 куб метрге жетти. Маалыматты «Электр станциялары» ААК билдирди.
Ошол эле маалда суунун чыгымы 72 метр кубга көбөйүп, секундасына 218 метр кубдан 290 метр кубга жеткен.
2022-жылдын 16-мартына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 7 миллиард 933,09 миллион кубометрди түздү.
Сутка ичинде бул көрсөткүч 7,72 миллион кубометрге, ал эми жыл башынан бери 2 миллиард 178,31 миллион кубометрге азайган. 2021-жылдын 16-мартына салыштырмалуу 1 миллиард 118,51 миллион кубометрге көп. Былтыр бул күнү Токтогулда 9 миллиард куб метрден бир аз ашык суу болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом