“S-LINE» кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиев кармалды

“S-LINE» кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиев кармалды

Үй алып берүүнү убадалаган  “S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Көпчүлүк жарандар бул кооператив тарабынан убадаланган үйгө жетпей,  укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Бул туурасында Ош шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, калаа милициясына Ош шаарынын аймагынан  жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок, аны аткарбастан, алдап    жүргөнгө шектүү катары  “S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси 1994-жылы туулган  А.Б. кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күндө аталган кооперативдин үстүнөн 24 жабыркаган жарандардын арыздары бар.  Алар өз арыздарында адегенде атлаган кооперативге кирүү үчүн адегенде 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын ала турган үйүнүн кооператив тарабынан белгиленген сумманы (процентти) төгүп турушкан. Жабырлануучуларга келтирилген сумма бүгүнкү күндө бир нече миллион сомдон ашкан.

Бул кооператив  алдамчылык менен алектенген “Финансылык пирамида” катары иш жүргүзгөнгө шектелип жатат.  Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, үй алууга муктаж катары келген жана акча төккөн айрым гана жарандарга үй алып беришип, калган көпчүлүк акчасын төккөн жарандарга үй тийген эмес. “S-LINE” турак жай кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча алганда, азыркы күндө алардын жарандарга койгон шарттары боюнча “турак жай алуучулар алына турган турак жай үчүн жалпы баасынан 50% төлөгөн учурда 2 ай ичинде, 25% төлөгөн учурда 4 ай ичинде калган суммасын турак жай кооперативи тарабыны н төлөнүп, 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө насыя берилип, турак жайлуу болушат”- деп убадалашкан. Бирок, аталган сумманы төккөн жарандардын ала турган үйлөрү кечеӊдеп бир нече айларга созулуп бара жаткандыгына байланыштуу жарандар арыз менен кайрылышкан.

Аталган окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп,  210-беренесинде (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, “S-LINE” коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин Түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылып, 2022-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө иш алып барган. Бул убакыт аралыгында кооперативке жалпысынан 102 жараан турак-жай үйүн алуу үчүн кайрылып, алар кооперативдин мүчөлөрү (пайщик) катары кооператив менен келишим түзүшүп, кирүү төлөмү (вступительный взнос) катары 218 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын, андан сырткары алына турган үйдүн баасынан 25%, 35% жана 50% чейинки өлчөмүндөгү төлөмдөрдү кооперативке төлөшүп турган.  . Жарандар тарабынан  төлөнгөн төлөмдөр тууралуу квитанциялары тергөөгө камсыз кылынган.   “S-LINE” коммерциялык эмес турак-жай кооперативине карата жалпысынан 24 жаран  коллективдүү  арыздары менен кайрылышып, акчадан же үйдөн жок калгандыктарын, үй алуу боюнча мөөнөттөрү  артка жылдырылып жатышкандыктарын айтышкан. Жабырлануучуларга келтирилген зыян бүгүнкү күндө 40 млн сомдон ашып жатат.

15-март күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан “S-LINE” коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин төрагасы, Бишкек шаарынын тургуну А.Б.    тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн тергөөгө камсыз кылынды жана 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  Тийиштүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө бул жана ушул сыяктуу турак-жай кооперативдеринен алданган жарандардын көп экендигин эске алуу менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жабырлануучу жарандардан башкармалыктын тергөө кызматына арыз менен кайрылууну суранат.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кооперативдин ишмердүүлүгүнө мыйзамга ылайык укуктук баа берилип, кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымдалат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>