Жарым күн ичинде доллардын сомго карата курсу 1,5-2 сомго арзандады.
Азыр борбор калаанын акча алмаштыруучу жайлары жана коммерциялык банктар долларды
102-103 сомдон сатып алып, 103,7-106 сомдон сатууда. Расмий курс Улуттук банк тарабынан 105 сом деп белгиленген.
Орус рублинин курсу, тескерисинче, бир аз өстү. 0,88-0,9 сомдон сатылып алынса, 1,05-1,07 сомдон сатылууда. Номиналдуу курс 0,9163 сомду түзөт.