Дөңгөлөгүн кайдан желдейсиңер? Мадумаров депутаттарды сынга алды

Дөңгөлөгүн кайдан желдейсиңер? Мадумаров депутаттарды сынга алды

Жогорку Кеңеште Бишкек шаарынын алынып келе турган автобустар боюнча жыйын болуп жаткан. Депутат Адахан Мадумаров өз кесиптештерин сынга алды.

“Мына көп суроолор берилди. 2,5 саат убакыт кетти. Бирок, бир чекити, бир үтүр алмашкан жок. Ушундай практиканы токтотушубуз керек. Мен атайын күтүп отурдум, күтүп отурдум. Акыркы киши сүйлөп алсын дедим. Мындай бир эффективдүү иштегенге аракет кылбайлыбы? Жыйынтык чыгышы керек го. Ал келишимдин чекитин да, үтүрүн да өзгөртө албайбыз. Азыр айттым мен дөңгөлөгүн кайдан желдейсиңер, канча болт менен бычытылат экен, шоопурларды кандай кийинтесиңер? Ал Жогорку Кеңештин жумушу эмес, айланайын кесиптештер. Биз принцибинде карашыбыз керек. Жактырабызбы же жактырбайбызбы деп. Анан кандай май менен майлайт, кандай жүргүзөт? Ал мэриянын жумушу да. Эгерде биз ар бир маселеге ийне-жибине чейин кирише берсек, Жогорку Кеңеш биз, өкмөттү алмаштырып калбайбызбы… Анда “Тазалык” кызматына барбайбызбы биз… Келгиле, мыйзамдын тегеретесинде иш кылалычы, мыйзамды талкуулайлычы.  Жыйынга катышпай турабыз дагы, келип туруп кезекке жазылабыз. Анан суроолорду беребиз. Баяндамачы ал суроого 7 жолу жооп берген башында. Урматтуу төрагалык кылуучулар же тартипке салгыла, же айткыла чарбалык иш менен алек бололук. Мыйзам чыгаруу жыйынынын иши эмес”- деди Мадумаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>