Кыргызстан ЕАЭБдин эрежелери бузулгандыгы үчүн Өзбекстанга 29 миңге жакын көчөттү кайтардыЕБ өкүлү кыргыз банктарын санкциялык тизмеден чыгаруу боюнча сунуштар жөнөтүлгөнүн айттыАк-Сууда өзүн-өзү өрттөгөн аялдын артында төрт бала калды. Акыйкатчы ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирдиСадыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» республикалык кеңешме өткөрөтТөө-Ашууда кар көчкү атайлап түшүрүлөт: Жүк ташуучу унааларга чектөө коюлдуПакистан менен Ооганстандын ортосунда аскердик кагылышуу күч алды
Караколдо унаа өрттөнүп кетти
17.03.2022 | 11:19
Ысык-Көл облусунда унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
16-март күнү саат 21:25 чамасында Каракол шаарынын Горький көчөсүндө Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Каракол шаарынын No15 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.
Саат 09:34тө өрт чектөөгө алынып, саат 09:38де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом