Сейид Атамбаев бийликке: Менден өч алгыла!

Сейид Атамбаев бийликке: Менден өч алгыла!

Жогорку Кеңештин депутаты Сейид Атамбаев парламентте соттор менен бийликке кайрылып жатып өч алуу боюнча кеп козгоду.

“Мына 17-март биз үчүн унутулбас бир күн болду. Акаевдин режиминен 6 киши көз жумду, канчасы жаракат алды. Анысы келип, ичип-жеп, каткырып-күлүп качып кетти. Бүгүнкү күндү эстеп жаман болдум, эки жуздүүлүк болуп калды. Негизи Акаевди Кыргызстанга алып келип, элдин алдында чөгөлөтүп кечирим суратыш керек болчу. Атамбаев менен Ниязовго уялбай мөөнөтүн узартып койдуңар. Мен түшүнүп жатам, бул саясат. Өч алып жатасыңар. Бирок, бизден алгыла, менден алгыла! Бирок, менин тарапташтарымда эмне күнөө. Бул күндөр да өтөт. Буюрса, ошондо эл Акаевди эмнеге камаган жоксуңар, эмнеге качырдыңар деп бийликтен да сурайт. Орхан Инанды да эстейт”— деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>