Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жеринен жолугушат
22.03.2022 | 12:38
Жогорку Кеңештин депутаттары 22-марттан 26-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу бул жумада парламенттин жана комитеттердин жыйындарын өткөрүү пландалган эмес.
Учурда Жогорку Кеңеште жалпы 89 депутат иш жүргүзүүдө, Свердлов округ боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгы чыга элек.
№29 Свердлов округуна өткөрүлгөн кайра шайлоодо Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алып, жеңүүчү аталган. 9-мартта БШК талапкердин каттоосун жокко чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом